Кара-Суу районунда «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү
УКМК менен Ош ОИИБ тарабынан диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү алкагында, ошондой эле козголгон кылмыш иши боюнча тыюу салынган
«Хизбут-Тахрир» радикалдык экстремисттик уюмунун 6 активдүү мүчөсү жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында “Хизбут -Тахрир” радикал-экстремисттик агымынын “Аль-Вайи” деп аталган 4 китеби, “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун 4 баракчасы, 2 бычак, 55 түрдүү диний адабияттар, 12 уюлдук телефон жана 1 ноутбук алынды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.