Кара-Кулжа-Сары-Булак жолунда жер көчкү түштү
Бүгүн саат 17:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагынын Кара-Кулжа-Сары-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымында (Көк-Жар тилкеси) жалпы көлөмү болжол менен 12000м³ жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылган.
КР ӨКМнин пресс-борборунун маалыматына ылайык, жабыркагандар жок жана Шаркыратма айылы аркылуу өтчү айланма жолу бар.
Азыркы учурда ИИМ кызматкерлери тарабынан пост уюштурулган.
Бул аймака 2022-жылдын 14-июнунда жер көчкү кооптулугу жогору болгондуктан КР ӨКМнин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыккан. Жерине Кара-Кулжа райондук №66 ӨКБдан ыкчам топ тартылып, тактоо иштерин жүргүзгөн.
Эртең, 8-декабрь күнү №26 ЖТИ тарабынан техника тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлөт. Кошумча маалымат берилет.
Иллюстративдик сүрөт