Кара-Балта шаарындагы “Эркин” мал базарынын ишмердүүлүгү токтотулду
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары- Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Э.Төрөбаев 11-январда Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер менен болгон кеңешмесинде облустук жана райондук жетекчилерге бир нече тапшырмаларды койгон.
Алардын ичинде өлкө аймагында эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо маселеси дагы бар.
Министрдин тапшырмасынын жана Ветеринардык кызмат тарабынан берилген көрсөтмөлөрдүн негизинде, Жайыл районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин буйругуна ылайык, Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы “Эркин” мал базары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы №377 токтомунда көрсөтүлгөн ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн мал базардын ишмердүүлүгү токтотулду.
Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген жаңы мал базар куруу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан жер бөлүнүп берилди жана инвесторлор менен макулдашуу жүргүзүлдү. Жакынкы күндөрү жаңы мал базардын курулуш иштери башталат.