Каныбек Туманбаев: “Түндүк” тиркемеси ири жаңылануудан соң эң алдыңкы сервиске айланат

 Каныбек Туманбаев: “Түндүк” тиркемеси ири жаңылануудан соң эң алдыңкы сервиске айланат

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык “Түндүк” мобилдик тиркемесинде глобалдык өзгөрүүлөр болорун айтып, бир жылдан кийин ал жарандар үчүн эң алдыңкы сервиске айланарын белгиледи.

“Санариптештирүү — бул жөн гана тренд эмес, мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн стратегиялык зарылчылык. Санариптик технологияларга өтүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатып гана тим болбостон, бюрократияны азайтып, жарандардын мамлекет менен өз ара байланыш процессин жеңилдетет. Ар бир мамлекеттик мекеме заманбап санариптик талаптарга ылайыкташтырылышы маанилүү, ал эми биз болсо, бул үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек”, – деди Туманбаев.

Ал “Түндүк” мобилдик тиркемесинин жаңылануусу бардык мамлекеттик кызматтарды бириктирген бирдиктүү платформа түзүүгө багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи. Анын айтымында, санариптештирүү ачык-айкындуулукту, жеткиликтүүлүктү жана ыкчам иштешти камсыздап, жарандар менен мамлекеттик органдардын ортосундагы байланыш процессин тездетиши керек.

“Биз жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетүү үчүн “Түндүк” мобилдик тиркемесин эң натыйжалуу куралдардын бирине айландырууга бардык шарттарды түзүп жатабыз. Бул убакытты жана аракетти талап кылган чоң долбоор, бирок анын жыйынтыгы бардык күтүүлөрдү актаарына ишенебиз”, – деп кошумчалады Туманбаев.

“Албетте, мындай өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу учурунда убактылуу кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн, бирок алардын баарын жеңүүгө болот. Эң башкысы — бул жаңылануунун узак мөөнөттүү таасири жана жарандар үчүн ачыла турган жаңы мүмкүнчүлүктөр”, — деди ал.

Жаңыртылган тиркеменин башкы иштеп чыгуучусу — президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси. Бул уюм жарандар үчүн натыйжалуу санариптик чечимдерди иштеп чыгып, мобилдик сервистердин ишенимдүү иштешин камсыздоо боюнча активдүү иш алып барууда.

Связанный пост