Каныбек Туманбаев БУУӨПтүн туруктуу өкүлү менен санариптештирүү маселелерин талкуулады

Бүгүн президентинин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңешинин алкагында Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Александра Соловьёва менен жолукту. Бул тууралуу Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Жолугушуунун жүрүшүндө ал акыркы беш жыл ичинде өлкөдө санариптештирүү тиешелүү деңгээлде координацияланбаганын жана системалуу ыкманын жоктугун жана бүгүнкү күндө президенттин тапшырмасына ылайык, санариптик трансформация жаңы баскычка чыкканын белгиледи.
“Бүгүн бизде керектүүнүн баары бар – саясий эрк, ресурстар жана кайда багыт алыш керектиги боюнча так түшүнүк бар. Максатка жетүүгө эч кандай тоскоолдук жок. Президенттин Иш башкармалыгы жана анын алдындагы “Кызмат” мекемеси баш болгон мамлекеттик органдар бирдиктүү команда катары иш алып барууда”, – деди Туманбаев.
Жолугушуудан кийин Электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча жумушчу топтун жыйыны өтүп, учурдагы санариптик демилгелердин жыйынтыктары чыгарылып, 2025–2026-жылдарга карата артыкчылыктуу багыттар аныкталды.
Катышуучуларга президенттин Иш башкармалыгы, Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жана “Кызмат” мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан биргелешкен санариптештирүү программасы сунушталды.
Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Бообек Салимжанов төмөнкүлөрдү баса белгиледи:
“Биздин ар бир жаран мамлекеттик кызматтарды ыңгайлуу, ачык-айкын жана ашыкча тоскоолдуктарсыз алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушун максат кылабыз. Онлайн-паспорт, онлайн-кадастр, “Кызмат ID” жана “Түндүк” платформасынын жаңы версиясы – бул жарандардын ыңгайлуу иш алып баруусуна багытталган конкреттүү кадамдар”,-деп белгиледи.
Ал эми санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамагулов негизги максат мамлекеттик кызматтарды ыкчам, ачык жана жеткиликтүү кылуу экенин белгиледи.
“Санариптештирүү – бул жумушту тездетип, ишенимди арттырган курал”, – деп кошумчалады.
Өз кезегинде БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьёва бул жөн гана концепциялар эмес – бул адамдардын жашоосун өзгөрткөн реалдуу чечимдер экенин кошумчалады.
“Өнөктөштөр менен биргеликте биз санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүп, сапаттуу сервистерди түзүп, адамга багытталган саясатты ишке ашыруудабыз”, – деди ал.
Жыйында жакынкы аралыкта мамлекеттик жана финансы кызматтарын бириктирген бирдиктүү санариптик платформага айлана турган “Түндүк” мобилдик тиркемесин жаңылоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.