Кант кызылчасын өткөрүү үчүн онлайн кезекке туруу тиркемеси киргизилди
Быйыл кант кызылчасын кабыл алуу пункттарында электрондук кезекке туруу тиркемеси киргизилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анда ар бир фермер өз алдынча ага ыңгайлуу күнгө онлайн кезекке туруп, сырьесун тоскоолдуксуз өткөрүп кетүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Кант кызылчасын кабыл алуу пункттарынын өкүлдөрүнүн айтымында, бул шарттар дыйкан-фермерлер үчүн ыңгайлуу болуп, жүктү ташууда сырье ээлеринин убактысын жана каражатын үнөмдөмөкчү.
Учурда 2025-жылдагы кант кызылчасын оруп-жыйноо иштери республика боюнча 60-70 пайыз жыйынтыкталып калды.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, кант кызылчасынын түшүмдүүлүгүнө караганда быйыл 2024-жылдагыдай эле кумшекерге болгон баа туруктуу сакталып, рынокто жетишсиздик жаралбайт деп күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгында өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, негизги 9 социалдык мааниге ээ азык-түлүктүн ичинен Кыргызстан 6 түрү менен өзүн-өзү камсыздай алат. Алар: картошка, эт, сүт, жумуртка, жашылча-жемиштер жана кумшекер.