Канат Сагынбаев эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сагынбаев Канат Латипжанович эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Эмгек министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Канат Сагынбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.