Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы дээрлик 3 эсеге – 27,25%дан 12,25%га чейин төмөндөдү

 Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы дээрлик 3 эсеге – 27,25%дан 12,25%га чейин төмөндөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзамдын максаты ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, активдүүлүккө кызыктыруу, финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана бизнес үчүн финансылык оорчулуктарды жеңилдетүү жана аларды көмүскө экономикадан чыгаруу болуп саналат.

Тактап айтканда, Мыйзамга ылайык, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары 27,25%дан 12,25%га чейин төмөндөтүлдү. Мында 2,25%ын иш берүүчү жана 10%ын кызматкер төлөйт. Жаңы ставкалар 2024-жылдын 1-августунан баштап күчүнө кирет.

Бирок, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасын төмөндөтүү төмөндөгү категориялар үчүн жайылтылбайт:

– мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга;

– жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторун иштеткен жана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдаланууга лицензиясы бар тоо-кен ишканаларына;

– электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана газды камсыз кылуу (жабдуу) боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдарга;

-алкоголдук, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүүнү жана/же импорттоону жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине, буга КРда лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү КРнын мыйзамдарына ылайык аталган ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар мунайзаттарды өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттер кирбейт (өсүмдүк чийки затынан биоэтанолду өнөр жайлык көлөмдө өндүрүүнү жана аны сатууну кошпогондо, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү);

– уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу субъекттерге;

– интернет-провайдерлерге;

– коммерциялык банктар, адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекемелер.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну жакшыртуу үчүн төмөнкү чаралар каралган:

– салык төлөөчү тарабынан жалданма кызматкерлердин актуалдуу реестрин салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде жүргүзүү;

-юридикалык жактар-иш берүүчүлөр тарабынан эмгек акыны накталай эмес формада төлөө;

– жалданма кызматкерлердин санын тактоо үчүн салыктык контроль;

– жалданма кызматкерлердин санын, ошондой эле салык отчетторундагы салыктардын жана социалдык төлөмдөрдүн суммасын азайткан учурда санкцияларды, туумдарды жана айыптарды эсептөө.

Связанный пост