Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы кызматтык автоунаалар тапшырды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев, аймактардын географиялык өзгөчөлүктөрүн, шаар жана райондордун кызматтык муктаждыктарын эске алуу менен Жалал-Абад облусундагы Ички иштер бөлүмдөрүнө жаңы кызматтык автоунааларды тапшырды.
Жалпысынан 2025-жылы чыгарылган 20 кызматтык автоунаа, анын ичинде “Chevrolet Cobalt”, “Sunray ESC” жана “JAC 4WD” үлгүсүндөгү унаалар, тийиштүү бөлүмдөргө берилип, алардын ыкчам ишмердигине олуттуу көмөк көрсөтүлдү.
Автоунаа тапшыруу аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жалал-Абад ОИИБнин башчысы Марлис Асанов, ОИИБнин ардагерлер кеңешинин төрагасы Капар Исаков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ИИМдин жергиликтүү жетекчилери жана өздүк куармы катышты.
Сөзүндө генерал-полковник Ташиев милиция кызматкерлерин өлкөнүн ички коопсуздугун жана жарандардын бейпил жашоосун камсыз кылууга ак ниет менен кызмат өтөөгө, мыйзамдуулукту сактоого жана элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөөгө тынымысыз аракет кылуу зарылдыгын эскертти. Жана өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, мындан ары да укук коргоо жана коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу аракеттери уланаарын белгиледи.