Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушуна капсула салды
Бүгүн Ысык-Көл облусунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Хан-Теңири” беш жылдыздуу мейманканасынын курулушун баштоого капсула салды.
Иш-чарада Камчыбек Ташиев белгилегендей, Ысык-Көл обулусунда алгачкы ирет 5 жылдыздуу мейманкана салынып жатат. Бул долбоорду ишке ашырууга 160 млн АКШ доллары тартылды.
Анын айтымында, ири инвестициялар Ысык-Көл облусуна гана тартылып жаткан жок, жакын арада Жалал-Абад облусунда аэропорттун курулушу башталат. Мындан сырткары, ал президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү 400 млн долларлык жаңы заводдун курулушуна капсула саларын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 8 кабаттуу “Хан-Теңири” мейманканасы “Тамчы” аэропортунан 700 метр аралыкта жайгашкан. Жер тилкесинин жалпы аянты 99 994 чарчы метрди түзөт, курулуш аянты – 48 476 чарчы метр.
Долбоорго ылайык, мейманканада президенттин номер, 100дөн ашык стандарттык номерлер, бассейн, жыйындар залдары, спа-борбор, спорт аянтчалары, ресторан, унаа токтоочу жай болот.
Курулуш иштерин эки жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.