Камчыбек Ташиев шайлоо тууралуу: Мурдагы бийликтер жасаган катаны биз кайталабайбыз

Жакында Жогорку Кеңештин 8-чакырылышына депутаттарды шайлоо өтөт. Бул ирет шайлоо эрежелери так аныкталып, таза жана ачык өтүшү үчүн бир катар чаралар көрүлгөн. Ошого карабастан, айрым талапкер болчу жарандар арасында “бийлик колдойт”, “бата алганбыз” деген сыяктуу билдирүүлөр айтылып жатканы коомчулукта кызуу талкууга түштү. Бул маселе боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ЖМКлардын бирине берген маегинде билдирди.
УКМК төрагасынын айтымында, бийликтин атын пайдаланып талапкерлигин илгерилетүүгө аракет кылгандар бар, бирок андай ыкмаларга президент Садыр Жапаровдун да, өзүнүн да убактысы жок.
“Мен дароо эле айтам: ишенбегиле! Мурунку бийликтер жасаган катаны биз кайталабайбыз. Ооба, бата берип жүрүшкөн. Мына ошол бата берген журт башчылары азыр кайда? Бизде орун алган бийлик алмашуулар, революциялар дал ушунун айынан чыкпады беле! Көндүм адаттын калышы кыйын, мен да айрым депутат болгусу келгендердин бизге жол издеп, жолугуп, бата алууга умтулуп жүрүшкөнүн билем. Жада калса, жакын адамдарыбыздын арасында да андайлар бар. Буга окшогондорго ажобуздун да, менин да убактыбыз жок. Өзүбүздүн жумуш чачтан көп, уйкубуз аз. Ачыгын айтканда, биз таза шайлоо өткөрүү ниетинде абдан чоң жумуш жасадык. Анткени, биз да убагында канчалаган шайлоолорго катышып, азабын тартып келгенбиз. Азыр болушунча адам факторун азайттык, санарипке өттүк. Шайлоочулардын кызыкчылыгы биринчи орунда болду. Эгерде биз өз адамдарыбызды алып келүүнү көздөсөк, ушунун баарын жасаштын эмне кереги бар эле? Эски шайлоо системасын калтырып, жыргап жата бербейт белек анда”,-деген ал.
Ал ошондой эле шайлоону көзөмөлдөө күчөтүлүп, мыйзам бузууларга жол берилбей турганын кошумчалаган.
“Кайсы бир кездерде талапкерлерге бийликти сындап чыккан ыңгайлуу болчу. Акыркы беш жылдагы өзгөрүүлөрдөн кийин, тескерисинче, бийликти колдогон адамдарда шанс жогору. Ошондуктан да, биздин атыбызды пайдаланып атышат. Алдыдагы шайлоону таза өткөрүү үчүн көзөмөл күчтүү болот. Мен талапкерлерге эскертип коеюн: “билбей калат”- деп ар кандай көз боемочулукка баргандан алыс болгула. Баары бир ачыкка чыгып калат. Андай учурда жаза катуу болот!”,-деген ал Ташиев.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 90 депутаты 5 жылдык мөөнөткө мажоритардык система менен 30 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат. Ар бир округдан үчтөн депутат мандат алат. Шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш бере алат. Саясий өнөктүк 30-ноябрда өтөт.
Булак “Кабар” агенттиги