Камчыбек Ташиев: Орто-Токой суу сактагычы Кыргызстанда калды

 Камчыбек Ташиев: Орто-Токой суу сактагычы Кыргызстанда калды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстанга өтүп кетти» деген маалыматтар жалган экенин айтты.

«Орто-Токой суу сактагычы жайгашкан жер аянты жана компенсация катары алынган жер аянттары толугу менен Кыргызстандын карамагына калтырылып, жазылды. “Орто-Токой өтүп кетти” деген сөздөрдүн баары жалган. Өзүбүздө калды, биздин жер, биздин платинабыз”, — деди Ташиев.

Орто-Токой суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, кыргыз-өзбек чек ара сызыгынан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Маалымат боюнча, Орто-Токой Кыргызстандын 1,5 миң гектар, Өзбекстандын 28 миң гектар жерин сугарат.

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамдардын долбоору талкууланууда.

Жыйынга президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев катышууда.

Связанный пост