Камчыбек Ташиев Новопокровка айылында чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычын тапшырды

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 12-сентябрында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында КР УКМК ЧК 2026 жана 2031 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычын тапшыруу салтанаттуу аземи өткөндүгүн маалымдайт.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев, УКМК Чек ара кызматынын директору генерал-майор У.З.Шаршеев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, аскер бөлүктөрүнүн колбашчылыгы жана өздүк курамы, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү жана Чек ара кызматынын ардагерлери катышышты.

Төрт кабаттуу үй аскердик шаарчанын аймагында курулган. 36 батирлүү үйдүн курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны бекемдөө, өлкөнүн жана жалпы аймактын чек ара коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.

“Мекен чегинин сакчыларынын социалдык көйгөйлөрүн чечүү маселеси ар дайым Кыргызстандын Президентинин көңүл борборунда, ошондой эле аскер кызматчыларынын кызмат өтөөсү үчүн жана алардын үй-бүлөлөрүнүн турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга жалпы өлкө жетекчилиги тарабынан зарыл болгон чаралар көрүлүп келүүдө. Ага бүгүнкү иш-чара айкын мисал болуп турат”, – деп белгиледи генерал-лейтенант К. Ташиев.

Көптөн күткөн жаңы батирлердин ачкычтарын 36 аскер кызматчынын үй-бүлөлөрү алышты.

Жаңы турак-жай комплексинде алар үчүн көмүр сактоочу кампа менен өзүнчө откана, балдар үчүн аянтча жана унаа токтотуучу жайы каралган.

Бул үйдөгү батирлердин орточо аянты 62-87 м2 түзөт.

Үй жеке долбоор менен курулган.

Связанный пост