Камчыбек Ташиев: Кыргызстанда коррупцияны 5-10% чейин кыскартуу пландалууда
Кыргызстанда коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен жолугушууда билдирди.
«Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамыны нормаларына ылайык, 2025-2026-жылдары УКМК коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин төмөндөтүүнү пландаштырууда. Бүгүнкү күндө көрсөткүч 30-40 пайыз деңгээлинде турса, ал эми мурдагы мезгилдерде үрөй учурган 70-80 пайызды түзчү”, – деп билдирди УКМКнын башчысы.