Камчыбек Ташиев: Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоодо эки тарап бир чечимге келишти

 Камчыбек Ташиев: Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоодо эки тарап бир чечимге келишти

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы 1924, 1927-жылдагы карталар менен эмес, 1991-жылы кабыл алынган документтердин негизинде азыр биз жашап турган чек аралар боюнча такталды, ушуга экинчи тарап макул болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин эки мамлекет эки түрдүү документтер менен чек араны тактоону сунуштап, тараптар чек аранын калган бөлүгүн тактоодо бирдиктүү чечимге келе алышпай, 2011-жылдан 2021-жылга чейин бир метр да чек ара тилкеси такталган эмес.

“2011-жылы бекитилген 519, 9 км чек ара тилкеси боюнча тажик тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюну сунуштап, тиешелүү материалдарды даярдаган. Бирок, кыргыз тарап кыргыз-тажик чек арасы толугу менен такталып жазылганга чейин келишимге кол коюга макул болгон эмес. Себеби, аталган 519, 9 км чек ара тилкеси жалаң тоолуу аймактарды камтып, эл жыш жайгашкан жана чыр-чатактар көп катталган аймактардын чек арасы толук такталган эмес эле”,- деди Камчыбек Ташиев.

Белгилүү болгондой, эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталган мезгилден тартып эле тажик тарап чек араны тактоодо 1924, 1927-жылдагы материалдар менен иштөөнү карманып келген.

Ал эми УКМК төрагасы маалымдагандай, кыргыз тарап 1991-жылдын 8-декабрындагы Көз карандасыз мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) Түзүү жөнүндө келишимди, 1991-жылдын 21-декабрындагы Алмата декларациясын жана КМШ мамлекеттеринин Эгемендүүлүктүү сактоо, аймактык бүтүндүк жана чек аралардын кол тийбестиги тууралуу Москва декларациясына негиз кылып, кыргыз-тажик чек арасын жазууну сунуштаган.

Белгилей кетсек, 2021-жылдан тартып эки мамлекеттин өкмөттүк делегациялары чек араны тактоо иштерин жигердүү улантып, талаа изилдөө жана камералдык жумуштарды жүргүзүүнүн натыйжасында ушундай жыйынтык жетишилген.

Связанный пост