Камчыбек Ташиев Өзгөндө эки жалгыз бой энеге үй куруп берди
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөндө эки үй-бүлөгө жаңы үйлөрдүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Ушул жылдын август айында Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун тургундары менен жолугушкан учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө айылдагы эң муктаж эки үй-бүлөгө өз каражатынан турак жай салып берүүнү убада кылган.
Айыл эли бул демилгени колдоого алып, чындап эле жашоо шарты оор, жардамга муктаж эки үй-бүлөнү биргелешип тандап берген. Эки айга жетпеген убакыттын ичинде эки үй тең толук бүткөрүлүп, бүгүн жаңы ээлерине тапшырылды.
Алардын бири Кызы-Сеңир айылынын тургуну, жалгыз бой эне, эки уулдун апасы Марапат Тагаева, экинчиси Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу тургун, жалгыз бой эне Элнура Чекирова.
Ташиев жаңы үйлөрдүн ачкычын тапшырып жатып кайрымдуулук иштерди улантуу ар бир адамдын милдети экенин белгилеп, мындай жардам элдин ынтымагын жана бири-бирине боорукерлигин чыңдай турганын айтты.