Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды
Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекет тик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында 16-ноябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында мурда тергөө органдарынан жашырынып жүргөн К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Бостери айылында туулган, криминалдык дүйнөдө “Рус Коен” же “Руслан Бостери” деп аталган Кыргызстандын жараны Дуйшеев Руслан Бекбоевич кармалды.
Ал Камчы Асанбектин жакын адамдарынын бири болуп, Ысык-Көл районунун Бостери айылын караган. Мурда каракчылык, адам өлтүрүү сыяктуу оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон.
Ошондой эле колдо болгон маалыматтарга ылайык, издөөдө жүргөн Р. Дүйшеев УКМК жетекчилигине кол салууну уюштуруу планын иштеп чыккан.
Иликтөө жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен Р. Дүйшеевге уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан деген айып тагылып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун тергөө органдарынан жашырынып жүргөн башка активдүү мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.