Калкты иш менен камсыз кылуу жана мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

 Калкты иш менен камсыз кылуу жана мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 23-октябрында кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ыктыярдуу негизде социалдык контракттарды түзүү менен социалдык жардам берүү болуп саналат.

Мыйзамда социалдык контракт – жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлөнүн (же алардын тобунун) жана жумуш менен камсыздоого көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн ортосундагы өз ара милдеттенмелер жөнүндө макулдашуу, ага ылайык аймактык бөлүм үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүүгө милдеттенери, ал эми үй-бүлө (же алардын тобу) Программа менен каралган иш-чараларды ишке ашырууга милдеттенери каралган.

Социалдык контракттын негизиндеги социалдык жардамды, берүүнүн тартиби, катышуучулардын саны, социалдык контрактка кол койгон адамды жумушсуз жана жумуш издеген адам катары эсептик каттоодон чыгаруу жана кайра каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Связанный пост