Каирде кыргыз-мисир бизнес-форуму өттү
Бүгүн, 5-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, Мисир Араб Республикасынын Премьер-министри Мустафа Мадбулинин жана Мисирдин ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Каир шаарында биринчи жолу кыргыз-мисир бизнес-форуму болуп өттү.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Мисирге болгон расмий сапарынын алкагында өткөрүлдү.
Премьер-министр Мустафа Мадбули кыргыз делегациясын тосуп алып, Президент Садыр Жапаровдун сапары эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөдө маанилүү баскыч болоруна ишеним билдирди.
Премьер-министр жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган келишимдер эки өлкөнүн мамилесин жаңы сапаттык деңгээлге чыгарарын баса белгиледи.
Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Мисир менен ар тараптуу алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады.
“Бүгүн биз элдерибизге олуттуу пайда алып келе турган узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн пайдубалын түзүп жатабыз”, – деп белгиледи Президент.
Ошондой эле ал Кыргызстандын санариптик финансылык инструменттерди киргизүү жана виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүү боюнча чаралары тууралуу айтып берди.
Мамлекет башчысы Кыргызстан Мисирдик өнөктөштөр менен инновациялар жана финансылык технологиялар жаатында кызматташууга даярдыгын баса көрсөттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушунун башталышын белгилеп, ал эл аралык каттамдар менен байланышып, Азия, Европа жана Африканын ортосунда жаңы альтернативдүү соода жолдорун түзөрүн айтты.
Ошондой эле Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү катары Мисир менен Евразия экономикалык биримдигинин ортосунда эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга жетишүү боюнча жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдү колдой турганын белгиледи.
Президент Садыр Жапаров мисирлик ишкерлерди Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык потенциалы менен таанышуу үчүн өлкөгө келүүгө чакырды.
Андан соң Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана Мисирдин инвестициялар жана тышкы соода министри Хасан Аль-Хатеб эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттары жөнүндө кыскача баяндама жасашты.
Мындан тышкары, форумда эки өлкөнүн экономикасынын негизги багыттарын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт жана санарип экономикасы тармактарындагы келечектүү долбоорлорду көрсөткөн видео презентациялар тартууланды.