Кадамжайда мөмө-жемиштен өндүрүлгөн шире экспортко чыгууда

 Кадамжайда мөмө-жемиштен өндүрүлгөн шире экспортко чыгууда

Кадамжай районунун Орозбеков айылында 2022-жылы “ЭКО-СОК” мөмө-жемишти кайра иштетүү ишканасы курулган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкнедей, ишкана өздүк салымдын эсебинен каржыланып, учурда 4 жумуш орду түзүлгөн.

Ишкананын жылдык кубаттуулугу – 10 миң литр. Мөмө жемиштен ар түрдүү шире өндүрүлүп, ички рынокто сатууга жана экспортко чыгарууга багытталган.

Бул долбоор райондун айыл чарба секторун өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана мөмө-жемиштен сапаттуу продукция өндүрүүгө өбөлгө түзөт.

Связанный пост