Кадамжайда комбинаттан 600 миң долларлык сурьма уурдоо аракети көрүлгөн

Кадамжай сурьма комбинатынын аймагынан сурма концентратынын ири партиясын уурдоо аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматка Кадамжай сурьма комбинатынын аймагынан 22,5 тоннадан ашык сурьма концентратын мыйзамсыз ташып чыгуу тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, сурьма өндүрүмүнөн кийинки чийки заттын баасы болжол менен 600 миң долларды түзөрү аныкталган.

Аталган факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин “Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү” беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Д.Д.С., О.А.Э. жана Б.М.К. аттуу КР жарандарынын ортосунда комбинаттын аймагынан сурьма концентратын уурдап, андан ары сатуу аракеттерин көрүү боюнча кылмыштуу бүтүм түзүлгөнү аныкталган.

Учурда УКМК тарабынан күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз сатууга байланышкан башка фактыларды аныктоо боюнча комплекстүү иш-чаралары уланууда.

Связанный пост