Кадамжайда Өзбекстандан аткезчилик жолу менен келген 7 тонна күрүч аныкталды
УКМК тарабынан Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен киргизилип жаткан 6-7 тоннадай күрүчтүн партиясы аныкталды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, Баткен облусундагы Кадамжай районунун аймагында Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топ узак убакыттан бери иш жүргүзүп келген. Алар бажы, салык жана чек ара мыйзамдарын бузуп, Фергана–Чоң-Кара–Кадамжай жолу аркылуу ар кандай товарларды аткезчилик жолу менен өткөрүп турушкан.
Аткезчилик схема боюнча Өзбекстандын аймагында ири көлөмдө күрүч сатып алынып, Кадамжай районунун транзиттик аймагы аркылуу Өзбекстандын Чоң-Кара анклавына, андан соң мыйзамсыз түрдө Кыргызстанга өткөрүлгөн. Күрүч Ак-Турпак айыл аймагында түшүрүлүп, өлкө ичинде сатылган.
Учурда бул иш боюнча кыргызстандык М.Н.А. аттуу жаран кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө.