Кабул шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылды

 Кабул шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылды

Афганистандын борбору Кабул шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага экономика министри Бакыт Сыдыков жана Афганистандын өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи катышты.

Соода үйүнүн ачылышы ата мекендик продукцияны эл аралык рынокко илгерилетүүгө, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз ишкердик байланыштарды түзүүгө жана өз ара товар жүгүртүүнү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Тараптар бул кадам Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо жана өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүүдө маанилүү экенин белгилешти.

Связанный пост