К. Асанбек уюшкан кылмыштуу тобуна кирген камактагылардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

 К. Асанбек уюшкан кылмыштуу тобуна кирген камактагылардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

К. Асанбек уюшкан кылмыштуу тобуна кирген камактагылардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

 

ЖАК маалыматы боюнча, пенитенциардык мекемелерде уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана нейтралдаштыруу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкерлери менен биргеликте, К.Асанбек аталган уюшкан кылмыштуу тобуна кирген, коркутуу жана опузалап талап кылуу менен алектенген адамдардын тобунун кылмыштуу ишине бөгөт коюшкан.

Аталган адамдар абакта жазасын өтөп жаткан соттолгон адамдан 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча ЖАКтын тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 2-бөлүгүнүнө ылайык, 208 беренесинин 3,4-пункттарында каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, А.О. жана Т.А. аттуу эки жаранга айыбы угузулган. Тергөө-ыкчам иш-чаралар, ошондой эле айыпталуучулардын башка шериктештерин аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост