Көп кабаттуу үйлөрдүн кышкы жылуулук мезгилине карата даярдыктары көзөмөлгө алынат

 Көп кабаттуу үйлөрдүн кышкы жылуулук мезгилине карата даярдыктары көзөмөлгө алынат

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине жылуулук берүү даярдыктары боюнча штаб өткөрдү.

Жыйында жылуулук менен камсыздоочу мекеме-ишканалардын жана энергетика тармагынын өкүлдөрү жылуулук мезгилине карата даярдыктар боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

 

Анын жыйынтыгы менен тиешелүү кызматтарга төмөнкү тапшырмалар берилди:

– Муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жетекчилерине көп кабаттуу турак жайлардын кире беришин жана жертөлөлөрүн кышкы мезгилге даярдыгын көзөмөлдөө, ошондой эле бул боюнча тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

– Жеке турак жайдын жашоочулары үчүн ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан жеткиликтүү баада көмүр сатуу пункттарын уюштуруу;

– «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасына отканаларда электр энергиясы өчүрүлгөн учурда генераторлордун иштөөсүн камсыздоо;

– Кышкы жылытуу мезгилине карата даярдыктарга катышкан бардык мекеме-ишканалар жумуштарды график боюнча иш алып баруусу;

– Ош Жылуулук электр борбору жана «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасы гидравликалык сыноолордо аныкталган бардык кемчиликтерди тез арада жоюу.

Мындан сырткары, шаар тургундарына, менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме-ишканаларга жылуулук мезгилинде электр энергиясынын ордуна альтернативдүү булактарды пайдалануу сунушталды.

Связанный пост