Көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке” төлөмү жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

 Көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке” төлөмү жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында жашаган көп балалуу энелерди колдоо жана балдарды ар тараптан өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

 

1. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында туруктуу жашаган, баласын 2026-жылдын 1-январынан тартып төрөгөн көп балалуу энелерге (Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга) бир жолку “Бала Береке” төлөмү белгиленсин:

1) 4-баласын – 100 000 (жүз миң) сом;

2) 5-баласын – 600 000 (алты жүз миң) сом;

3) 6-баласын – 800 000 (сегиз жүз миң) сом;

4) 7-баласын – 1 000 000 (бир миллион) сом;

5) 8-баласын – 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом;

6) 9-баласын – 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом;

7) 10унчу жана андан кийинки баласын – 2 000 000 (эки миллион) сом.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку

“Бала Береке” төлөмү бала бир жашка чыкканда төлөнөт деп;

2) бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку

“Бала Береке” төлөмүн дайындоодо райондук коэффициент колдонулбайт деп.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 6 айдын ичинде:

1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

2) бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку

“Бала Береке” төлөмүн берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктасын;

3) бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку

“Бала Береке” төлөмүн каржылоо булактарын аныктасын.

Связанный пост