Көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу 2025-жылдын 15-февралына чейин узартылды

 Көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу 2025-жылдын 15-февралына чейин узартылды

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну 2025-жылдын 15-февралына чейин узартты.

Көмүрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана баанын спекулятивдик өсүшүн алдын алуу максатында өлкөнүн бардык аймактары үчүн көмүрдүн максималдуу чекене баасы белгиленди.

Көмүрдүн баасы эмнелерге көз каранды? Көмүрдүн баасы бир нече факторлордон көз каранды: – казылып алынган жерден алыс жайгашуу.

Сатуу пункту канчалык алыс болсо, ташуу чыгымы ошончолук жогору болот – казып алуу ыкмасы.

«Кара-Кече» сыяктуу ачык казылган көмүр кендери өздүк бааны төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал эми кол менен казылган шахталык көмүр, мисалы, «Жыргалан» жана «Сүлүктү» көмүрү, кымбатыраак болот – сактоо жана сатуу шарттары.

Арнайы аянтчалардын жана логистикалык шарттардын болушу көмүрдүн акыркы баасын жогорулатат Аймактар боюнча көмүрдүн баалары: Көмүрдүн эң төмөнкү баасы Нарын облусунун Жумгал районунда — 3 900 сом/тоннасына. Эң жогорку баа Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында «Жыргалан» разрезинен алынган жергиликтүү көмүргө белгиленген — 10 200 сом/тоннасына.

Импорттук көмүрдүн эң арзан баасы Чүй облусунда — 6 300 сом/тоннасына, ал эми эң кымбат баасы Талас районунда — 9 600 сом/тоннасына.

Түштүк аймактарда көмүрдүн баасы Чоң-Алай районунда 4 200 сом/тоннадан башталып, Кызыл-Кыя жана Кадамжай райондорунда 9 000 сом/тоннага чейин жетет.

Аймактар боюнча көмүрдүн баасы тууралуу толук маалыматты antimonopolia.gov.kg сайтынан же төмөндөгү инфографикадан табууга болот.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күн сайын бааны көзөмөлдөп, белгиленген чектен ашпоо үчүн мониторинг жүргүзүп турат. Эреже бузуулар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Кошумча маалымат алуу жана консультация үчүн төмөнкү номерлерге кайрылсаңыз болот:

0(312) 563219 — байланыш линиясы (чалуу иш убактысында кабыл алынат)

Связанный пост