Көл-Суунун жээги таштандылардан тазаланды

 Көл-Суунун жээги таштандылардан тазаланды

Ат-Башы районундагы Көл-Суу жана Көк-Кыя аймактарында тазалык иштери жүргүзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору, “Ак-Моюн” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана туризм тармагында иштеген жарандар катышты.

Тазалоо иштери Көл-Суу көлүнүн жээгинин санитардык абалын жакшыртуу жана жаратылышты таза сактоо максатында уюштурулду.

Белгиленгендей, жергиликтүү тургундардын жана туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн катышуусу менен аймактагы таштандылар чогултулду.

“Буга чейин социалдык тармактарда Көл-Суудагы таштандылар тууралуу маалыматтар тараган. Адистердин маалыматына караганда, акыркы күндөрү жааган жаандан улам көлдүн деңгээли көтөрүлүп, таштандылар жээкке сүрүлүп келген”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост