Көк-Жаңгак шаарында маданият үйү толугу менен жаңыланды

Бүгүн, 2-декабрда Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынын тарыхый жайларынын бири болгон маданият үйү толук кандуу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, шаар тургундарына пайдаланууга берилди.

Иш чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ЖК депутаты Жеңишбек Токторбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Имарат буга чейин авариялык абалда болуп, иш-чараларды өткөрүү кыйынга турчу. Жергиликтүүлөр маданият үйүнө көңүл бурууну суранып келишкен. Жалпысынан маданият үйүнө 12 млн 750 миң каражат кеткен.

Белгилей кетсек, Көк –Жаңгак шаарындагы маданият сарайын 1947-жылы курулган. Мурда шахта башкармалыгынын карамагында болуп, 2011-жылы гана маданият бөлүмүнө өткөрүлгөн. Анын ичинде 500 орундук концерт өткөрүлүүчү зал, музей, бий залы бар.

Связанный пост