Көк-Мойнокто кайрадан өрт чыкты
Көк-Мойнокто кайрадан өрт чыкты. Бул тууралуу КР ӨКМнин пресс-борборунан билдиришти.
25-март күнү, саат 11:20 чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок — 2 айылынын тилкесиндеги ачык аянтта кайрадан өрт чыкты.
Жеринде өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 11:35де Ысык-Көл райондук ӨКБдан 1, жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылды. Мындан сырткары Токой чарбасынан 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам, Тоң райондук РИИБден 12 кызматкер өрт өчүрүү ишине көмөк көрсөттү. Ошондой эле абалды ыкчам жөнгө салуу максатында саат 12:02де КР ӨКМге караштуу ККББнын ыкчам тобу тартылды.
Кайрадан чыккан өрт саат 13:40да чектөөгө алынды.
Маалым болгондой аталган аймакта 24-март күнү өрт чыгып, анын жалыны болжолдуу түрдө 50гектар аянтты каптаган. Өрт толугу менен саат 21:30да өчүрүлүп, кайрадан өрт чыгып кетүүсүн көзөмөлгө алуу максатында нөөмөт уюштурулган.
Кошумча маалымат берилет.