Көк-Мойнокто ачык аянтта өрт чыкты

Көк-Мойнокто ачык аянтта өрт чыкты. Бул тууралуу КР ӨКМнин пресс-борборунан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда алдын ала маалымат боюнча, Көк-Мойнок 2 айылында ачык аянтта өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 2 авариялык куткаруу унаасы, 1 мотопомпа, 28 куткаруучу жана Токой чарбасынан 2 мотопомпа, 16 кызматкер иш алып барууда.

Ошондой эле Көк-Мойнок айылынан 50 тургун, темир жол кызматынан 20 адам тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Связанный пост