Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузуулардын саны боюнча Ленин району алдыда турат

 Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузуулардын саны боюнча Ленин району алдыда турат

Муниципалдык инспекция борбор калаада тартипке келтирүүнү улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Үч айдын ичинде Ленин району боюнча жалпы суммасы 898 миң 500 сомду түзгөн 98 протокол түзүлдү. Ал эми Биринчи май району боюнча 691 миң 500 сомго көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, 92 протокол түзүлдү. Свердлов районунда жалпы 489 миң сомдук 75 мыйзам бузуу катталган. Октябрь району боюнча жалпы 560 миң сомдук 62 мыйзам бузуу фактысы аныкталган.

Связанный пост