Көк бөрү: Жети өлкөнүн курама командалары келди
Кыргызстанга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган көк бөрү боюнча улуттук курама командалар келди. Бул тууралуу медиа штаб билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 30-августта, Эл аралык көк бөрү федерациясы спортчулар үчүн атайын жолугушуу жана түшкү тамак уюштурду.
Иш-чарага төмөнкү өлкөлөрдүн курама командаларынын өкүлдөрү катышты:
– Кыргызстан
– Казакстан
– Өзбекстан
– Тажикстан
– Россия
– Венгрия
– АКШ
Меймандарга концерттик программа тартууланып, курама командалардын өкүлдөрүнө жана спортчуларга эстелик белектер менен бирге расмий спорттук кийимдер тапшырылды.
Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдешке 2-сентябрда старт берилет.