Көк бөрү боюнча I Дүйнө кубогу. Алгачкы эки күндүн жыйынтыгы
Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында көк бөрү боюнча клубдар аралык I Дүйнө кубогу өтүп жатат.
Алгачкы эки күндөгү беттештердин жыйынтыгы боюнча турнирдик таблица:
1. Биринчи күн:
– “Алтай” (Россия) – “Екатеринбург” (Россия) – 5:0;
– “Жаштык” (Кыргызстан) – “Алтын Альянс” (Кыргызстан) – 3:2;
– “Ынтымак” (Кыргызстан) – “Сары-Өзөн” (Кыргызстан) – 5:1.
2. Экинчи күн:
– “Караганда” (Казакстан) – “Екатеринбург” (Россия) – 2:0;
– “Алтын Альянс” (Кыргызстан) – “Ийгилик” (Кыргызстан) – 5:4;
– “Достук” (Кыргызстан) – “Мурас” (Кыргызстан) – 7:4;
– “Красноярск” (Россия) – “Москва” (Россия) – 6:2;
– “Өзбекстан” (Өзбекстан) – “Алтай” (Россия) – 8:1.
Эскерте кетсек, көк бөрү боюнча эл аралык турнир 13-августта башталды. Анын ачылышына КР президенти Садыр Жапаров катышты.
Мелдештер 7 күнгө созулат, бардык беттештер Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда өтөт.
Жабылуу аземи жана жеңүүчүлөргө байгелерди тапшыруу 20-августка пландалган.