Көчмөндөр оюндарынын негизги аянтчаларда медкызматтар уюштурулат

 Көчмөндөр оюндарынын негизги аянтчаларда медкызматтар уюштурулат

1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги аянтчаларында Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык кызматтары нөөмөттө турушат. Бул тууралуу оюндардын медиа штабы билдирет.

Медициналык жардам төмөнкү жерлерде уюштурулат:

  • Көчмөндөр цивилизациясынын музейи, Өрнөк айылы;
  • “Рух Ордо”, Чолпон-Ата шаары;
  • Ипподром жана дене тарбия-чыңдоо комплекси, Чолпон-Ата шаары;
  • “Дордой Номад”, Бостери айылы;
  • Кырчын капчыгайы.

Маалыматка ылайык, Кырчын капчыгайына жүз миңге чейин коноктун келиши күтүлүп жаткандыктан, бул жерде эң чоң медициналык камсыздоо уюштурулат.

Связанный пост