Көчмөндөр оюндарында 40тан ашуун майыптыгы бар адамга жардам көрсөтүлдү
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында майыптыгы бар адамдарга жардам көрсөтүүгө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100гө жакын кызматкери тартылды.
Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө чейин адистер 40тан ашуун адамды иш-чара өтүүчү аянтчаларга коштоп барышты. Алардын арасында Кыргызстандын жарандары менен бирге чет өлкөлүк коноктор да бар.
Мындан тышкары, “Газпром” спорт комплексинин аймагында майыптар арабасы менен жүргөн адамдар үчүн атайын транспорттук коштоо уюштурулган.
Ошондой эле ишеним телефонуна 1 миңге жакын кайрылуу түшүп, адистер жеткиликтүү инфраструктура жана жүрүп-турууну уюштуруу боюнча консультация беришүүдө.
Белгилей кетсек, социалдык коргоо системасынын адистери 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүчү аянтчаларда иштеп, майыптыгы бар адамдарга багыт алууга жана эркин жүрүп-турууга көмөк көрсөтүүдө.