Күз-кыш мезгилине карата Бишкек ЖЭБине көмүр ташылып келе баштады

 Күз-кыш мезгилине карата Бишкек ЖЭБине көмүр ташылып келе баштады

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр ташылып келе баштады.

 

Мэриядан билдиришкендей, бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБде “Агулак” участкасынан, Миң-Куш кенинен 180 миң тоннаны түзгөн жогорку калориялуу көмүр келүүдө.

 

Ошондой эле импорттук “Д” маркасындагы көмүрдү 250 миң тоннага, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен Кавак көмүрүн алып келүүгө 520 миң тоннага келишимдер түзүлүп, 50 миң тонна кыргыз көмүрүн алганга тендер жарыяланган.

 

Жалпысынан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү аяктоо үчүн 1 млн тонна көмүр, 110 679 млн м³ газ жана 8 миң тонна мазут менен камсыздоо пландаштырылууда.

 

Белгиленгендей, жеткирүүлөр белгиленген графиктерге ылайык, августтан келерки жылдын март айына чейин жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө ЖЭБдин кампаларында 194 миң тонна көмүр бар.

Связанный пост