Күтүлүп жаткан суукка байланыштуу Бишкек мектептеринде сабактын убактысын кыскартуу сунушталды
Күтүлүп жаткан суукка байланыштуу Бишкек мектептеринде сабактын убактысын кыскартуу сунушталды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.
“Бала бакчаларда ата-энелердин каалоосу боюнча балдарды калтырууга болот. Ошондой эле жеке менчик мектептерге да ушундай чараларды көрүүнү сунуштоо пландалууда”, – деп белгилешти муниципалитеттен.
Синоптиктердин маалыматына таянсак, 16-февраль күндүз жана 17-18-февраль күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Өлкөнүн айрым аймактарында термометрдин көрсөткүчү -33°C чейин төмөндөйт.