Күйүүчү майга субсидия: Айдоочулар канча акча үнөмдөөдө?
АИ-92 бензинин субсидиялоонун эсебинен бир айдоочуга көрсөтүлүүчү мамлекеттик колдоонун өлчөмү эсептелип чыкты. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Учурда мамлекеттик субсидиянын өлчөмү төмөнкүдөй:
- АИ-92 — 1 литрине 30,88 сом;
- дизель күйүүчү майы — 1 литрине 42,27 сом;
- автогаз (суюлтулган көмүр суутек газы) — 1 литрине 5,38 сом.
Мында мамлекет жарандардын күйүүчү май сатып алууга кеткен чыгымдарынын олуттуу бөлүгүн иш жүзүндө өзүнө алып жатат.
“Эгер бир айдоочу күнүнө орточо 5 литр АИ-92 бензинин керектейт деп эсептелсе, анда бир айдагы керектөө болжол менен 150 литрди түзөт”, – деп айтылат маалыматта.
Бир литрге 30,88 сом субсидия берилгенде, мындай көлөмдө күйүүчү май керектеген бир айдоочуга көрсөтүлүүчү мамлекеттик колдоонун өлчөмү төмөнкүдөй болот:

“Мамлекеттик колдоонун бул чарасы жарандардын күйүүчү майга кеткен чыгымдарын азайтууга жардам берип, унааны пайдаланууга байланыштуу каржылык жүктү жарым-жартылай жеңилдетет. Мындай чаралар олуттуу мамлекеттик ресурстарды талап кылат жана мамлекеттин калкты колдоого, ошондой эле күйүүчү майдын баасынын үй-бүлөлүк бюджетке тийгизген таасирин жумшартууга умтулуусун айгинелейт”, – деп белгилешти Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан.
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун маалыматы боюнча, өлкөдө 1,5 миллионго жакын унаа каражаты катталган. Алардын болжол менен 1,2 миллиону — жеңил унаалар, ал эми 300 миңге жакыны — жүк ташуучу унаалар.