Бишкекте 5-октябрда мамлекеттик мекемелер онлайн иштейт

 Бишкекте 5-октябрда мамлекеттик мекемелер онлайн иштейт

5-октябрда Бишкек шаарында 65 миңге чейин көрүүчү катыша турган жаңы “Бишкек Арена” стадионунун ачылыш аземи өтөт.

Мэриядан билдиришкендей, ири масштабдагы иш-чаранын өткөрүлүшүнө байланыштуу шаарда транспорт агымынын көбөйүшү жана жол тыгындарынын жаралышы күтүлүүдө.

Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мүмкүн болуучу ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 5-октябрда Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, министрликтердин, ведомстволордун, бюджеттик уюмдардын, ошондой эле билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү онлайн форматка өткөрүлөт.

Мэриядан белгилешкендей, кабыл алынган чаралар иш-чара өтүп жаткан күнү шаардагы транспорттук жүктөмдү азайтууга, ошондой эле мекемелердин үзгүлтүксүз иштешин жана окуу процессинин камсыз кылууга багытталган.

Связанный пост