Күйүүчү май сактаган жайдан чыккан ири өрт толугу менен өчүрүлдү

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен нефтебазадагы өрт саат 19:22де толугу менен өчүрүлдү.

Шопоков шаарында темир жол бекетине жакын жайгашкан нефтебазадан чыккан өрттү өчүрүүгө КР ӨКМден жалпы 8 күжүрмөн эсеп, анын 5 күжүрмөн эсеби Бишкек шаары боюнча башкармалыгына караштуу ӨКБдан тартылган. Ошондой эле Чүй облусунун башчысы жетектеген жана ККББнын ыкчам тобу тартылды.

Мындан сырткары, “Кыргызтемир” жол ишканасынан 1 өрт өчүрүүчү поезд, 103 кызматынан 3 тез жардам унаасы иштеди.

Өрттүн кесепетинен 4 адам жабыркап, Бишкек шаардык ооруканасына жеткирилди.

Связанный пост