Көк-Мойнок: ачык аянттагы өрт толугу менен өчүрүлдү
![Көк-Мойнок: ачык аянттагы өрт толугу менен өчүрүлдү](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/03/337413550_562624042513698_3460066895754666736_n-850x450.jpg)
Көк-Мойнок: ачык аянттагы өрт толугу менен өчүрүлдү, деп билдирди КР ӨКМнин пресс-борбору.
Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок—2 айылындагы ачык аянтта чыккан ири өрт саат 21:30да толугу менен өчүрүлдү.
Тилсиз жоонун кесепетинен 2 сарай жана 1 үйдүн дубалы, болжол менен 50гектар аянттагы куураган чөп, бадалдар, бак-дарактар күйгөн.
Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн өрт өчүрүүчүлөрү жана Токой чарба кызматынын кызматкерлери тарабынан нөөмөт уюштурулду.
Маалым болгондой бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок—2 айылында ачык аянтта чыккан өрттү өчүрүүгө саат 12:34төн тарта Балыкчы шаардык ӨКБдан жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 28 куткаруучу, 2 авариялык куткаруу унаасы, 1 мотопомпа, Токой чарбасынан 16 кызматкер 2 мотопомпа, “Кыргыз темир жолу” ишканасынан 20 кызматкер, Тоң РИИБден 16 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган. Өрт саат 18:04тө чектөөгө алынган.