Исламабадда кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөт

Кыргызстандын элчиси Авазбек Атаханов Пакистандын Тышкы иштер министринин орун басары Ахмед Амжад Али менен жолукту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан Өкмөттөр аралык комиссиясынын (ӨАК) бешинчи жыйынынын алдында сааттарын такташышты. Иш-чара 12-13-майда Исламабад шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда өтөт.
Тараптар алдыдагы иш-чарага даярдыктын жүрүшү, КР делегациясынын Пакистандагы программасы боюнча пикир алмашышты, айрым уюштуруу-техникалык маселелерди тез арада чечүү боюнча макулдашты.
Элчи Атаханов жыйын ийгиликтүү өтүп, өкмөт аралык кызматташтыкты тереңдетүүнүн, экономикалык байланыштарды кеңейтүүнүн жана соода, транспорт, инвестиция, илим жана технология тармактарындагы жаңы долбоорлорду илгерилетүүнүн натыйжалуу механизми болооруна үмүт билдирди.