Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга айыл чарба техникаларын сатып алууга $45 млн бөлөт

 Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга айыл чарба техникаларын сатып алууга $45 млн бөлөт

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда жалпы суммасы 45,11 млн долларлык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каражат “Кыргызстанда айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо” долбоорун ишке ашырууга жумшалат.

Эми бул каражат “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтар аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн айыл чарба техникаларын лизингге сатып алууга жумшалат.

Аталган долбоордун алкагында агрардык сектордун техникага болгон муктаждыгынан улам, дүйнөлүк рынокто болгон бааларды эске алуу менен биринчи этапта эле 1800 айыл чарба техникасын сатып алуу пландалууда, анын ичинде:

– 600 ар кандай маркадагы жана модификациядагы тракторлор;
– 100 дан жыйноочу жана тоют жыйноочу комбайндар;
– 1000ге жакын айыл чарба машиналарын, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалар үчүн машиналарды жана жабдууларды сатып алуу болжолдонууда.

Связанный пост