Ишкерлерге 6% менен насыя берилет
Быйыл ишкерлерге 6% менен насыя берилет. Бул тууралуу “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Адилет Камчыбеков “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Анын айтымында, насыя ишкерлерге мамлекеттик колдоо аркылуу 300 миң сомдон 5 млн сомго чейин берилет. Жалпысынан фонд тарабынан 500 млн сом өлчөмүндө насыя берүү каралган.
“Каражаттын 60 пайызы аймактардагы ишкерлерге берилет. Насыя ала тургандардын 30 пайызы аялдар болушу керек. Продукция өндүрүүчүлөргө насыя 3 жылдык мөөнөткө берилет. Эгерде, имараттарды жаңыртуу жана жабдууларды сатып алуу пландалган болсо, насыянын мөөнөтү 5 жылды түзөт. Ошондой эле фонд бизнеске тиешелүү кредиттерди жаап бере алат. Мөөнөтү 18 айга чейин”, – деди ал.
Адилет Камчыбеков белгилегендей, 2025-жылы 500 млн сом өлчөмүндө насыялар 8% менен миңге чукул ишкерге берилген.