Ишкердикти өнүктүрүү фонду аял ишкерлерге насыя бере баштады

 Ишкердикти өнүктүрүү фонду аял ишкерлерге насыя бере баштады

Ишкердикти өнүктүрүү фонду аял ишкерлерге насыя бере баштады. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, насыяны өндүрүш жана кызмат көрсөтүү тармактарында иштеген аял ишкерлер, ошондой эле үлүш ээлеринин кеминде 50%ы аялдар болгон юридикалык жактар ала алышат.

Насыя алууга керектүү документтер:

  • жеке жактарда ишмердүүлүк патенти же ишкер катары каттоодон өткөнүн тастыктаган күбөлүк болушу керек;
  • юридикалык жактарда — мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк талап кылынат.

Насыянын мөөнөтү үч жылга чейин, суммасы 50 миң сомдон 3 млн сомго чейин берилет. Мөөнөттүү жеңилдик каралган.

Аялдарга берилүүчү 12%дык насыя Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен мүмкүн болду. Банк аялдар ишкердигин өнүктүрүү үчүн 22 млн сом бөлдү.

Дагы 22 млн сомду Ишкердикти өнүктүрүү фонду өз каражатынан төмөн пайыздык чен менен берет. Ошентип, аял ишкерлерди колдоого бул женилдетилген программа боюнча жалпы 44 млн сом каралды.

Белгиленгендей, Ишкердикти өнүктүрүү фондунан быйыл он айда 253 аял бизнесин өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн насыя алды. Аялдарга берилген насыялардын жалпы суммасы 478 млн 435 миң сомду түздү.

Насыя алууну каалаган жарандар 0559 956 799 номери боюнча колл-борборго же фонддун расмий сайтында көрсөтүлгөн даректердеги филиалдарга кайрылса болот.

Связанный пост