Ирандын Президенти Масуд Пезешкиан Президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады
Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкиан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады.
“Сизди жана өлкөңүздүн элин жаңы жылдын башталышы менен чын дилимден куттуктайм. Григориан календары боюнча жаңы 2025-жылы биргелешкен аракеттердин негизинде зулумдукту, согуштарды, геноцидди жок кылууга, ошондой эле дүйнө жүзүндө тынчтыкты, бейпилдикти орнотууга жана адеп-ахлакты тереңдетүүгө күбө болобуз деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.