Ипотека алууга арыз берүү үчүн “Түндүк” тиркемесинде катталуу функция ишке кирет

 Ипотека алууга арыз берүү үчүн “Түндүк” тиркемесинде катталуу функция ишке кирет

“Кызмат” мамлекеттик мекемеси “Түндүк” тиркемесине жаңы функцияны иштеп чыгууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, мындай мүмкүнчүлүк жарандардын аралыктан эле Мамлекеттик ипотекалык компанияга катталып, батир алуу үчүн арыз тапшыруусуна шарт түзөт.

“Биз жарандардын мамлекеттик мекемелелер менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүгө умтулабыз. Бул функциянын жардамы менен ипотекалык компанияга катталуу тез жана ачык-айкын болот. Бул чечим жарандарыбыз үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн кыйла жакшыртат деп ишенебиз”, – деди Каныбек Туманбаев.

Эми жаңы функция жакынкы убакта жеткиликтүү болуп, катталуу жана арыз берүүдө кыйынчылыктарга туш болгон жарандар үчүн ыңгайлуулукту камсыздайт. Бул жаңылык турак жай алууну жеңилдетип, анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатары белгиленди.

Связанный пост