Иорданиянын Падышасы Абдуллах II Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Иордания Хашимит Падышалыгынын Падышасы Абдуллах II Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.
“Ыйык Орозо Айт майрамында Иордания Хашимит Падышалыгынын элинин жана өкмөтүнүн атынан Сизге чын жүрөктөн куттуктоомду жолдойм. Сизге жакшылыктарды каалоо менен бирге, элиңизге мындан аркы өнүгүп-өсүүнү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.