Иорданиянын Королу Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады
Иорданиянын Королу Абдалла II ибн аль-Хусейн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.
“Орозо айт майрамына карата Иордания Хашимит Падышачылыгынын эли жана өкмөтү мени менен биргеликте Сизге чын дилден чыккан куттуктоолорун билдирет.
Жеке өзүмдүн эң жакшы каалоолорумду, ошондой эле боордош элге мындан аркы прогресс жана гүлдөп-өсүүнү каалаган тилектеримди кабыл алууну өтүнөм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.